15-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымы, депутат Гүлкан Молдобекованын демилгеси менен Билим берүү күнүнө арналган салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Талайбек Масабиров, Мавлюда Калбердиева, Гүлжан Сатиева жана Табылды Муратбеков катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Республикалык илимий-методикалык борбор» мекемесинин кызматкерлери — кесиптик билим берүүнүн мазмунун иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы Өмүрзакова Зейнеп Айтпаевна жана ушул эле бөлүмдүн башкы адиси Жаныбекова Асыл Турдугуловna өзгөчө сый-урматка татышты.

Башкы сыйлыктын негизи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Спикери М. Маматалиевдин расмий буйругунун негизинде, аталган кызматкерлерге баштапкы кесиптик билим берүү системасында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, өздөрүнүн бай кесиптик тажрыйбасын, билимин жана күч-аракетин тармактын өнүгүшүнө арнагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы салтанаттуу түрдө тапшырылды. Алардын окуу-методикалык камсыздоону өркүндөтүүгө, квалификациялуу адистерди даярдоого, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана жигердүү коомдук ишмердиги жогору бааланды.

«Республикалык илимий-методикалык борбор» мекемесинин директору А. Карабаев жана мекеменин эмгек жамааты сыйлык ээлерин чын жүрөктөн куттукташты. Борбордун жетекчилиги алардын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, келечек муунга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүүдөгү эмгеги ар дайым бааланарын белгилеп, аларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо жана мындан аркы кесиптик ийгиликтерди каалашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык