2026-жылдын 3-ноябрында кесиптик билим берүү системасында окутуунун сапатын жогорулатуу, заманбап педагогикалык ыкмаларды жайылтуу жана педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү максатында «SCAFFOLD карточкалары – заманбап окутуунун жаңы инструменти» аттуу маалыматтык-практикалык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Акулова Бактыгүл Темирбековна ачып, анын актуалдуулугун белгиледи. Ал өз сөзүндө кесиптик билим берүүдө заманбап окутуу инструменттерин колдонуунун маанилүүлүгүнө жана педагогдордун жаңы усулдарды өздөштүрүүсүнүн зарылдыгына жана билим берөөнөн сапатын жогорулатуунун бирден бир жаңы инструмент экендигин белгиледи.

Иш-чарага РИМБ мекемесинин директорунун орун басары А. Саттарова катышты. Ал эми инженердик-педагогикалык кызматкерлеринин билимин жогорулату бөлүмүнүн башчысы К. Курманалиева SCAFFOLD карточкаларынын өзгөчөлүктөрү, мазмуну жана аларды окуу процессинде натыйжалуу колдонуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири презентация жасап, практикалык тренинг өткөрдү.

Иш-чарага республиканын ар кайсы аймактарындагы кесиптик лицейлердин пилоттук окуу жайлардын тренерлери катыщшып презентация жасап окутуунун жаны ыкмалары менен тааныштырышты. Жалпысынан 68 катышуучу онлайн жана офлайн форматтарында иш алып барышты.

Иш-чаранын практикалык бөлүгүндө офлайн катышуучулар алты топко бөлүнүп, атайын тапшырмалардын негизинде SCAFFOLD карточкалары менен иштешти. Ар бир топ аткарылган иштердин жыйынтыгын презентациялап, өз сунуштарын айтып, тажрыйбалары менен бөлүштү.

Мындан тышкары, тренерлер тарабынан төмөнкү багыттар боюнча презентациялар жана практикалык иштер уюштурулду:

  • SCAFFOLD карточкалары – заманбап окутуунун жаңы инструменти;
  • SCAFFOLD карточкалары аркылуу сабакты пландаштыруу жана окутуунун максаттарын аныктоо;
  • SCAFFOLD карточкаларын колдонуудагы натыйжалуу окутуу методдору жана интерактивдүү ыкмалар;
  • Компетенттүүлүккө негизделген окутууда SCAFFOLD карточкаларын колдонуу;
  • SCAFFOLD ыкмасынын негизинде окуучулардын билимдерин, көндүмдөрүн жана компетенцияларын баалоо.

Ар бир презентациядан кийин суроо-жооп, талкуу жана тажрыйба алмашуу уюштурулуп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты.

Иш-чаранын негизги максаты – SCAFFOLD карточкаларын заманбап окутуунун натыйжалуу инструменти катары кесиптик билим берүү системасына жайылтуу, педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, сабактарды компетенттүүлүккө багыттап пландаштыруу, интерактивдүү окутуу методдорун колдонуу жана окуучулардын билимдерин, көндүмдөрүн жана компетенцияларын баалоо боюнча практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү болду.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар SCAFFOLD карточкаларын сабактарды пландаштырууда, окуу процессин уюштурууда жана окутуунун натыйжаларын баалоодо колдонуу боюнча практикалык билимдерин жана көндүмдөрүн өркүндөтүштү. Ошондой эле алынган тажрыйбаны өздөрүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүндө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык