2026-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Республикалык илимий-методикалык борбор» мекемесинин (РИМБ) базасында SOS Балдар айылдары уюмунун VIBEs долбоорунун алкагында жаштардын иш менен камсыз болуусун жогорулатууга багытталган «Жашоо көндүмдөрү» жана «Ишке орношуу» программаларын ишке ашыруу тажрыйбасы боюнча тегерек стол болуп өттү.

Иш-чаранын максаты – Aflatoun методологиясына негизделген программаларды ишке ашыруунун практикалык тажрыйбасы менен бөлүшүү, жаштардын турмуштук көндүмдөрүн, социалдык жана финансылык сабаттуулугун өнүктүрүү, ошондой эле аларды эмгек рыногуна даярдоо маселелерин талкуулоо болду.

Тегерек столдун модератору – РИМБ мекемесинин директорунун орун басары Саттарова Алымкан Ногойбековна болду.
Тегерек столдун биринчи бөлүгүндө 2023–2025-жылдары ишке ашырылган VIBEs долбоорунун алкагындагы иштер талкууланды.
Алгач Саттарова Алымкан Ногойбековна РИМБ тарабынан жүргүзүлгөн иштер, кесиптик лицейлер менен кызматташуу, программаларды ишке ашыруудагы жетишкендиктер жана топтолгон тажрыйбалар тууралуу баяндама жасады.
Андан соң Каракол шаарындагы №2 Ж. Тойгонбаев атындагы жана Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейлердин өкүлдөрү программаларды окуу процессине киргизүү жана жаштар менен иштөө боюнча практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Тегерек столдун экинчи бөлүгү 2026-жылы ишке ашырылып жаткан VIBEs II долбооруна арналды.
Бишкек, Нарын жана Каракол шаарларындагы №91, №10, №87 жана №14 кесиптик лицейлердин өкүлдөрү өткөрүлгөн окутуу сессиялары жана жаштар менен иштөө тажрыйбалары тууралуу маалымат беришти.
Ошондой эле «Лидерство» МВО уюмунун, «Нарын экономикалык өнүгүү борбору» коомдук бирикмесинин жана SOS Балдар айылдары уюмунун өкүлдөрү программаларды ишке ашыруу жана жаштарды колдоо багытындагы тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Тегерек столдун жыйынтыгында пикир алмашуу жүргүзүлүп, программаларды мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштар талкууланды.
Талкуунун негизинде төмөнкү сунуштар иштелип чыкты:
- «Жашоо көндүмдөрү» жана «Ишке орношуу» программалары боюнча колдонмолордун жана жумушчу дептерлердин тексттерин жөнөкөйлөтүү жана түшүнүктүүлүгүн жогорулатуу.
- «Жашоо көндүмдөрү» программасынын 11-сессиясындагы «Финансылык сунуш» темасын интерактивдүү оюн же симуляциялык көнүгүү менен толуктоо.
- Окутуу тренингдерине майыптыгы бар жаштарды кеңири тартуу жана алардын катышуусу үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү.
- Программалардын методологияларын майыптыгы бар жаштардын муктаждыктарын эске алуу менен адаптациялоо маселесин ведомстволор аралык жумушчу топтун (МРГ) жыйынында кароо.
- «Жашоо көндүмдөрү» жана «Ишке орношуу» программалары боюнча белгиленген үлгүдөгү тренер сертификатын киргизүү маселесин кароо.
- Аталган программалардын темаларын класстык жана класстан тышкаркы сааттардын мазмунуна киргизүү.





