2026-жылдын 17–26-ноябрь күндөрү “Республикалык илимий-методикалык борбор” мекемесинин БКББ ОЖ КЖ бөлүмү тарабынан «Электромонтер» кесиби боюнча өндүрүштүк окутуу устаттарынын квалификациясын жогорулатуу курсу уюштурулду.


Курстун алкагында РИМБ базасында педагогикалык жана кесиптик багыттагы сабактар, НЭСК окуу борборунда практикалык сабактар өткөрүлдү.


Ошондой эле курстун угуучулары үчүн №20 кесиптик лицейге жана «Ала-Арча» подстанциясынаКыргыз-Түрк «Манас» университетинин Электроника жана электр инженериясы факультетинин лабораторияларына, окуу-таанышуучу экскурсиялар уюштурулду.


Курс теориялык билимдерди практикалык көндүмдөр менен айкалыштырып, устаттардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталды.


