2024-жылдын 7-октябырынан 16-октябырына чейин Республикалык илимий-методикалык борборунда  пландалган орто кесиптик билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча     “Педагогика жана психология” багытында курс өткөрүлдү.

        “Педагогика жана психология” багытындагы курс  орто кесиптик билим берүүнүн квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн  2024-жылга карата иш планынын негизинде уюштурулду.

         Курс Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген мугалимдерин камтыды (Ош ,Баткен,Жалал-Абад,Талас , Ыссык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан). Угуучулардын арасында медицина,билим берүү,спорт тармагында эмгектенген өкүлдөр жана  алардын арасында доцент, педагогика жана медицина илимдеринин кандидаттары,  жана окутуучулар бар.

        Квалификациясын жогорулатуу курсуна 21 угуучу  катышты. Анын ичинен 4 эркек,17 аял

        Мугалимдердин  квалификациясын жогорулатуу,педагогика жана психология тармагында кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү, жаштарга жаш куракка байланыштуу психологиялык процесстердин өзгөчөлүктөрүн,алардын калыптанышынын негизги факторлорун үйрөтүү максатында, тренерлерден доцент , кафедра башчысы  Кыдыралиева А.Р., профессор Добаев К.Д., ага  окутуучу Бообекова К.С. тартылды.

       Сертификаттарды тапшыруу аземи 2024-жылдын 16-октябырында РИМБ нун директорунун орун басары  Саттарова Алымкан Ногойбековнанын жана РИМБ нун адистеринин катышуусунда өттү.

       Угуучулар сертификаттарын алышып, РИМБ нун жамаатына ыраазычылык билдирүү менен жыйынттыкталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык