2024-жылдын 28-октябрынан 6-ноябрына чейин Республикалык илимий-методикалык борборунда пландалган орто кесиптик билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча “Орто кесиптик окуу жайларында билим берүү процессин модулдук-компетенттүүлүктүн негизинде уюштуруу” багытында курс башталды.
“Орто кесиптик окуу жайларында билим берүү процессин модулдук-компетенттүүлүктүн негизинде уюштуруу” багытындагы курс орто кесиптик билим берүүнүн квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн 2024-жылга карата иш планынын негизинде уюштурулду.
Курс Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген мугалимдерин камтыды (Ош ,Талас , Ыссык-Көл,Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан).
Квалификациясын жогорулатуу курсуна 27 угуучу катталды. Анын ичинен 5 эркек,22 аял. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында тренерлерден п.и.к., профессор Эсенгулова М.М., п.и.к., доцент Ниязова А.М. жана РИМБ нун директорунун орун басары Саттарова А.Н. тартылды.
Сертификаттарды тапшыруу аземи 2024-жылдын 6-ноябрында РИМБ нун базасында өтөт.