2024-жылдын 11-ноябрынан 20-ноябрына чейин Республикалык илимий-методикалык борборунда пландалган орто кесиптик билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча “ Билим берүүдөгү менеджменттин заманбап технологиялары” багытында курс башталды.
“ Билим берүүдөгү менеджменттин заманбап технологиялары” багытындагы курс орто кесиптик билим берүүнүн квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн 2024-жылга карата иш планынын негизинде уюштурулду.
Курс Кыргызстандын аймактарынан келген мугалимдерин камтыды (Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан).
Квалификациясын жогорулатуу курсуна 26 угуучу катталды.
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында тренерлерден п.и.к., доцент Ниязова А.М. жана п.и.д.,профессор Добаев К.Д. тартылды. Сертификаттарды тапшыруу аземи 2024-жылдын 20-ноябрында РИМБ нун базасында өткөрүлөт.