№ 94 кесиптик-лицейде Республикалык илимий — методикалык борбору тарабынан уюштурулган “Китеп кербени “ акциясы болуп өттү.
Бул иш-чарага акын, юрист, коомдук ишмер Жедигер Саалаев жана акын, журналист, маданиятка эмгек сиңирген ишмер А.Кожогулов, РИМБнун квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы Курманалиева К.А. жана кесиптик лицейлердин директорлору катышышты.
Иш-чара 2 бөлүктөн туруп, 1-бөлүктө:
- № 94 КЛде “Китеп кербени” акциясынын негизинде өткөрүлгөн иш-чаралар камтылган видео-ролик;
- китеп жөнүндө кызыктуу маалыматтар боюнча “Акыл ордо” таймашы;
- чач тарач жана бычмачы-тикмечи кесибинин тарбиялануучулары дефеле көрсөтүштү жана китеп окуунун маанисин жарнамалоо максатында белгилүү инсандардын китеп жөнүндө фразаларды айтышты.
Иш-чаранын 2-бөлүгү “ Поэзия мүнөттөрү” деп аталып, поэзия кечеси түрүндө уланды:
— окуучулар Ж.Саалаев жана А.Кожогуловдун калемине таандык ырларды окушту;
— Ж.Саалаев жана А.Кожогулов өз ырларын окуп беришти;
— Акындар окуучулардын суроолоруна жооп беришти;
Иш-чара “Китеп куржунун” № 99 кесиптик лицейдин өкүлдөрүнө тапшыруу менен жыйынтыкталды.