Лицейдин жамааты “Доор өзгөрткөн жашыл интеграция — жаңы муундун тандоосу” аталышындагы форум өткөрүштү.
Форумду өткөрүүнүн максаты окуу жайда “Күн энергиясынын панелин орнотуучу” жаңыдан ачылган адистигине даярдоонун ачлышына арналган. Форумга жашыл энергетикага тиешелүү өкүлдөр да чакырылган атап айтсак: Кыргыз Республикасынын мамлекет башчысынын кеңешчиси- Ч.Абыкеев, Энергетика министринин орун басары -Н.А.Керимов жана Түркиянын Кыргызстандагы “ТИКА” программасынын өкүлдөрү-Б.Мехмед, РИМБ кызматкери ж.б. катышышты.

“Күн энергиясынын панелин орнотуучу” адистерин сапаттуу даярдоо үчүн Түркиянын Кыргызстандагы “ТИКА” программасынын жардамы менен заманбап теориялык жана практикалык эки кабинет тиешелүү жабдуулар менен жабдылган. Эффективдүү окутуу процессин жүргүзүүгө окуу кабинеттери программага ылайык практикалык көрсөтүүчү куралдар, күн батареясынын панелдери, компьютер, проектор, доска, окуучулардын жумушчу формалары ж.б. менен камсыздалган.


“Күн энергиясынын панелин орнотуучу” адистигине окутуу мөөнөттөрү 10 айды жана 3 айды түзөт. Окутуу процессин ишке ашыруу үчүн Республикаалык илимий- методикаалык борбору тарабынан эксперименталдык окуу пландары менен камсыздалган. Ошондой эле РИМБ дун кызматкерлери, №100 КЛде окуу процессин уюштурууда предметтик мугалим, устаттарга усулдук коштоо жүргүзүлүп турат.
Ак жол сиздерге урматтуу №100 кесиптик лицейдин жамааты, ишинер ийгиликтүү болсун!. “Жашыл энергетикага” окутуу борбору болот деген изги тилегинер ишке ашсын.

