Курстар 10–19-март күндөрү «Заманбап билим берүү системасында жетекчилердин кесиптик компетенциялары. Билим берүүдөгү менеджмент» темасында өтүп, 72 саатка эсептелген. Окутууга республиканын бардык аймактарынан конкурс аркылуу кызматка дайындалган кесиптик лицейлердин жетекчилери катышууда.

Окутууга Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева, баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова жана Республикалык илимий-методикалык борборубуздун директору Акбаралы Карабаев катышты.

Лира Самыкбаева министрлик тарабынан окуу процессин уюштуруу жана башкаруу үчүн иштелип чыккан санариптик платформалар тууралуу маалымат берип, атайын сессия өткөрдү. Катышуучуларга «Э-Күндөлүк» жана АИС «Мугалим» платформаларына окуучулардын жана мугалимдердин маалыматтарын киргизүү, ошондой эле «Санарип Кампа» системасын колдонуу жолдору көрсөтүлдү.

Ал санариптик платформаларды киргизүү билим берүү процессин башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле билим берүү тармагындагы маалыматтарды системалаштырууга көмөктөшөрүн белгиледи.

Сабактарды жогорку окуу жайлардын илим докторлору жана кандидаттары өткөрүүдө. Курсту аяктап, аттестациялык тесттерди ийгиликтүү тапшырган катышуучуларга белгиленген үлгүдөгү сертификаттар тапшырылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык