2026-жылдын 15-июнунда “Республикалык илимий-методикалык борбор” мекемесине  Кытай Эл Республикасынын  билим берүү тармагынын делегациясы иш сапары менен келди. Делегацияны Кытай Эл Республикасынын Шэньси темир жол кесиптик-техникалык институтунун Партиялык комитетинин катчысы Цзяо Шэнцзюнь жетектеди.

Бул иш сапар Республикалык илимий-методикалык борбор менен Ухань борбордук тышкы экономикалык жана техникалык кызматташтык тобунун ортосунда буга чейин түзүлгөн өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө кесиптик билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана темир жол тармагы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо маселелери талкууланды.

Атап айтканда, ушул жолугушууда №97 кесиптик лицей менен Кытай Эл Республикасынын Шэньси темир жол кесиптик-техникалык институтунун ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандум түзүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Иштелип жаткан меморандум келечекте эки билим берүү мекемесинин ортосундагы өнөктөштүктү жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган. Ал темир жол тармагына заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоого, окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Аталган кызматташтык Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кесиптик билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого, эл аралык тажрыйбаны жайылтууга жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жол ачат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык