Жалал – Абад облусундагы Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейдин кызматкерлери «Заманбап билим берүү шарттарында мугалимдин санариптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү»программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсу боюнча 27 угуучу билимдерин жогорулатышты.

Сабактын жүрүшүндө окутуу жана тарбиялоо ыкмалары, мугалимдер менен натыйжалуу баарлашуу, билим берүү жаатындагы нормативдик-укуктук актылар, мамлекеттик билим берүү стандарттарын баштапкы билим берүү окуу жайларында окутуу процесинде колдонуу, жасалма интеллект түшүнүгү жана мүмкүнчүлүктөрү маселелери талкууланды.

Курсту лекторлор окутуу процессин уюштуруу боюнча жеткиликтүү азыркы талаптардын негизинде теория менен практиканы айкалыштырып өткөрүштү.
Кайра даярдоо курсунун угуучулары «Заманбап билим берүү шарттарында мугалимдин санариптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү» программасынын актуалдуу маселелерин, заманбап билим берүү технологияларын, натыйжалуу окутуу ыкмаларын, ошондой эле билим берүү системасын жаңылоо шартында окуу процессин уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн үйрөнүштү.

