2026-жылдын 28-сентябрынан тартып Республикалык илимий-методикалык борбордо «Педагогикалык чеберчилик» кесиптик кайра даярдоо курсу боюнча жыйынтыктоочу аттестация башталды.

690 академиялык саатка эсептелген курста Кыргызстандын бардык аймактарынан 157 угуучу билим алды. Алардын ичинен 89-башталгыч, 68-орто кесиптик билим берүү тармагынан. Окуу процесси заманбап педагогикалык ыкмаларды, окутуунун технологияларын жана педагогикалык компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө багытталды.

Курстун алкагында сабактарды тажрыйбалуу лекторлор К. Добаев, Н. Койлубаева, З. Жапарова, С. Оморов, Н. Кубатбекова, Керимбек кызы Эльнура жана башка адистер өткөрүштү.

Жыйынтыктоочу аттестация 28–30-сентябрь күндөрү өткөрүлөт. Экзамендерди кабыл алуу үчүн төмөнкү курамда жыйынтыктоочу аттестациялык комиссия түзүлдү:

Комиссиянын төрайымы:
Садырова Гүлзат Камчыбековна – филология илимдеринин кандидаты, доцент, К. Скрябин атындагы КУАУнун Сапат, аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы.

Комиссиянын мүчөлөрү:
Кудайбергенова Жылдыз Абыкановна – педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, К. Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы «Маалыматтык технологиялар» ОСПОсунун башчысы;
Качикеев Турдумамат Жолдошматович – психология илимдеринин кандидаты, доцент, И. Арабаев атындагы КМУнун Психология факультетинин деканы.

Курсту ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө 2026-жылдын 2-октябрында салтанаттуу түрдө күбөлүктөр тапшырылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык