Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын  28-августундагы № 1168/1 буйругунун негизинде, үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрынан 10-сентябрына чейин аймактарда 2026-2027-окуу жылында билим берүү процессин уюштуруу маселелери боюнча усулдук иш-чаралар өткөрүлдү.

Форумда Агартуу министрлигинин билим берүү тармагынын бири катары Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын жетекчилери жана директордун окуу-өндүрүштүк жана усулдук иштери боюнча орун басарлары  катышышты. Форумдун максаты — педагогдорго жана билим берүү уюмдарынын жетекчилерине усулдук колдоо көрсөтүүгө, 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча милдеттерди ишке ашырууга жана билим берүү процессин уюштурууда бирдиктүү мамилелерди камсыз кылууга багытталган.

«Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө» деген темада өткөрүлгөн педагогикалык форумда БКББ кызматкерлери менен иш алып баруу үчүн “Республикалык илимий-методикалык борбор” (РИМБ) мекемесинин кызматкерлери катышып келишти.

        2026-2027-окуу жылында билим берүү сапатын жогорулатуу, мектептик билим берүү системасын реформалоо жана 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча милдеттерди ишке ашыруу, ошондой эле билим берүү процессин жогорку деңгээлде уюштуруу Кыргызстандын агартуу тармагы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ушундай жооптуу учурда реформанын маңызы ар бир мугалимге жана кызматкерлерге жетиши өзгөчө маанилүү.

             Акыркы жылдары өлкөбүздүн бюджети бир нече эсе көбөйүп,  Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй деңгээлде социалдык объекттер: заманбап мектептер, бала бакчалар курулуп, айлык маяналар, пенсиялар көбөйдү. Муну менен жарандарыбыздын жашоо деңгээли жакшырууда.

      Бүгүнкү күндө дүйнө тездик менен өзгөрүүдө. Санариптик технологиялар, жасалма интеллект, жаңы кесиптер, илимий ачылыштар жана маалыматтын чексиз агымы билим берүү системасына да жаңы талаптарды коюуда. Мындай шартта билим берүү тармагынын кызматкерлери өз билимин тынымсыз жаңыртып, жаңы методдорду өздөштүрүп, технологияны сабактын сапатын жогорулатуу үчүн туура пайдалана билиши зарыл. Бирок технология мугалимди алмаштырбайт. Тескерисинче, жакшы мугалим технологияны пайдаланып, окуучунун мүмкүнчүлүгүн дагы кеңейтет.

     «Республикалык илимий-методикалык борбор» мекемесинин кызматкерлери аталган буйруктун негизинде аймактарда өткөрүлгөн иш-чараларга катышып, төмөнкү графиктин алкагында иш алып барышты:

  • 02.09.2026-ж. — Нарын облусу (К.А. Курманалиева);
  • 03.09.2026-ж. — Ысык-Көл облусу (К.А. Курманалиева);
  • 04.09.2026-ж. — Ош облусу (А.Н. Саттарова);
  • 05.09.2026-ж. — Жалал-Абад облусу (А.Н. Саттарова);
  • 07.09.2026-ж. — Талас облусу (К.К. Жакыпова);
  • 08.09.2026-ж. — Чүй облусу (К.К. Жакыпова);
  • 09.09.2026-ж. — Баткен облусу (Т.А. Энназаров).

Иш-чаралардын алкагында «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө» жалпы темасынын “Башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын өнүгүү стратегиялык багыттары«, КБББ: “Окутуунун мазмунун, билим берүү технологияларын жана өнөктөштүктү модернизациялоо” аттуу презентациялар көрсөтүлүп, талкуу жүргүзүлдү.

Түштөн кийинки убакытта Башталгыч кесиптик билим берүү (БКББ) окуу жайларынын директорлору жана директордун орун басарлары менен биргеликте секциялык иштер жүргүзүлдү. Күн тартибиндеги маселелер боюнча кесиптик лицейлердин жетекчилеринин жана педагогикалык кызматкерлеринин сунуш-пикирлери, көйгөйлүү маселелери жана жетишкен ийгиликтери угулуп, кеңири пикир алмашуулар болду. Жыйынтыгында аткарылган иш-чаралар боюнча тийиштүү корутундулар чыгарылды.

          Республиканын облустук педагогикалык форумдун катышуучулары 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында бекитилген, билим берүү системасын жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга багытталган системалык реформаны толугу менен колдошот. Форумдун чакырыгы: «Реформа документтен эмес, мугалимден башталат»   Реформанын негизги натыйжасы ар бир окуучунун сапаттуу билим алышы, өз жөндөмүн ачышы, заманбап компетенцияларга ээ болушу жана келечектеги билим берүү жана кесиптик жолуна даяр болушу менен аныкталууга тийиш. Аймактык айырмачылыктарды азайтуу менен билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү улантылат.

          РИМБ мекемеси жана облустук педагогикалык форумдун катышуучулары 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында бекитилген билим берүү моделин сапаттуу ишке ашыруу, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу, окуучулардын заманбап компетенцияларын өнүктүрүү маселелерин талкуулап, төмөнкүлөрдү чечишти:   

        2026-2027-окуу жылында төмөнкү маселелердин аткарылышына өзгөчө көңүл бурулсун: «Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндөгү Жарлыгынын, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» улуттук долбоорунун алкагында «Алтын казык» мамлекеттик программасын жүзөгө ашыруу маанилүү милдеттердин бири болуп саналат.Бул багытта билим берүү уюмдарын руханий жана адептик маданияттын мейкиндигине айландыруу аркылуу, өсүп келе жаткан муунга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүүнү камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.»

        Билим берүү системасын трансформациялоо — биздин милдет: Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу — окуучуларда заманбап компетенцияларды калыптандыруу үчүн жаңыланган окуу программаларын, окутуу методикаларын жана билим берүү стандарттарын ишке ашыруу.

        Окуучуларды ата-энелер, жергиликтүү бийлик, депутаттар, укук коргоо органдары жана коомдук уюмдар менен биргеликте мекенчилдикке, эли-журтуна, Ата Мекенине камкор мамиле жасоого тарбиялоо.

        Ар бир окуу жайда компьютердик класстарды түзүүнү улантуу жана колдо болгон бардык заманбап техникаларды натыйжалуу пайдаланууга жетишүү.

        Санариптик технологияларды натыйжалуу пайдаланууну күчөтүү, окуучулардын санариптик сабаттуулугун өнүктүрүү жана билим берүүдө жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү колдонуу маданиятын калыптандыруу.

         Кесиптик билим берүү чөйрөсүн 12 жылдык моделдин талаптарына ылайык камсыз кылуу, окуу, лабораториялык, санариптик, спорттук жана чыгармачылык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу;

        12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн жүрүшүнө үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү.

        Окуучулардын арасынан педагогикалык кесипке шыктууларын тандап, алар менен ыраттуу, максаттуу иш жүргүзүү.

        Жогорку окуу жайлары менен байланышты чыңдоо. Жаш адистерди жергиликтүү бийликтердин көмөгү менен кадрлар тартыш болгон аймактарда, туруктуу  алып калуу үчүн зарыл шарттарды түзүү — педагогикалык кадрларга болгон муктаждыкты жоюунун бирден-бир жолу деп эсептелсин.

            Бүгүн биз «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» — деген маанилүү түшүнүктүн айланасында ой жүгүртүп жатабыз. Бул жөн гана ураан эмес. Бул — заман талабына жооп берген билим берүүнүн, чыгармачыл мугалимдин жана келечекке ишеним менен кадам таштаган жаш муундун биримдигин билдирген чоң идея. Жаратман мугалим — коомдун келечегин калыптандыруучу инсан. Мугалимдин эмгеги бир күндүк же бир жылдык натыйжа менен өлчөнбөйт. Мугалим бүгүн окуучуга берген билиминин жемишин анын эртеңки жетишкендигинен көрөт.

            Бүгүнкү мектеп окуучусу эртеңки инженер, дарыгер, мугалим, илимпоз, ишкер, мамлекеттик кызматкер же өлкөгө кызмат кылган мыкты адис болушу мүмкүн. Демек, ар бир мугалимдин колунда өлкөнүн келечегин өзгөртө турган чоң мүмкүнчүлүк бар. Жаратман мугалим — китептеги маалыматты гана үйрөткөн адам эмес. Ал окуучуну ойлонууга, изденүүгө, суроо берүүгө, талдоого, өз алдынча чечим кабыл алууга жана жаңы нерсе жаратууга үйрөтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык