2024-жылдын 23 -сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борборунда Мамлекттик тил күнүнүн 35 жылдыгына карата майрамдык салтанаттуу иш-чара болуп өттүү.
Иш-чарага «Кыргыз тили» коомунун Президенти Курбанов Раимжан Рахманович, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Абдырахманова Асыл Дотуевна, орто кесиптиктик билим берүү жана башталгыч кесиптик лицей бөлүмдөрүнүн адистери катышты.
Республикалык илимий-методикалык борборунун директору Карабаев Акпаралы Давлеталиевич катышуучуларды майрамы менен куттуктап , тил саясатынын жана кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары ролунун маанилүүлүгүн белгиледи.«Кыргыз тили» коомунун Президенти Курбанов Раимжан Рахманович кыргыз тилинин улуулугун, Мекенге болгон сүйүүсүн чагылдырган куттуктоо сөзүн жолдоду. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Абдырахманова Асыл Дотуевна куттуктоо сөзүн узатты.
Иш-чарада кыргыз тилин өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн мурдагы Республикалык илимий-методикалык борборунун кызматкери Байболотова Айжан Жеӊишбековна «Кыргыз тили» коомунун ардак грамотасы менен сыйланды.
Республикалык илимий-методикалык борборунун директорунун орун басары Саттарова Алымкан Ногойбековна «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү» темасында презентациясы көргөзүлдү.Иш- чарага улуттук тамак- аштардын , көл өнөрчүлүк буюмдар жана «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү » программасынын алкагында чыгарылган окуу куралдар көргөзмөсү уюштурулду.
Иш-чара патриоттуулук музыкалык чыгармалар менен коштолуп, жыйынтыкталды.