РИМБнун иш планынын негизинде 2024- жылдын 16-декабрынан баштап 25-декабрына чейинки аралыкта, орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу максатында Евразия башкаруу мектебинин базасында педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу  курсу өткөрүлдү. Курстун темасы « Педагогикалык чеберчилик». Курстун көлөмү -72 саатты түздү.

       Квалификациясын жогорулатуу курсуна Евразия башкаруу мектебинин директору, орун басары жана  окутуучулары катышты. Баардыгы 19 адам.

Мугалимдердин  квалификациясын жогорулатуу максатында тренерлерден п.и.к.,профессор Эсенгулова  М.М.,п.и.к., доцент Койлубаева Н.К., п.и.к., доцент  Бектуров Т.М. жана ага окутуучу Турсунова Э.А.тартылды.

      2024-жылдын 25-декабрында РИМБ нун базасында сертификаттарды тапшыруу аземи РИМБ нун директорунун орун басары Саттарова А.Н. нын катышуусунда болуп өттү.

       Угуучулар сертификаттарын алышып.РИМБнун жамаатына ыраазычылык билдирүү менен жыйынттыкталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык