Борбор Азиядагы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү борборунун ачылыш аземи жана Республикалык илимий-методикалык борборго (РИМБ) заманбап техникалык жабдууларды өткөрүп берүү иш-чарасы болуп өттү.

2026-жылдын 28-апрелинде Республикалык илимий-методикалык борбордо Кытай Эл Республикасынын өнөктөштөрү — Ухань шаарындагы тышкы экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча борбордук топ тарабынан заманбап техникалык жабдууларды тапшыруу аземи өткөрүлдү.

Жабдууларды Ухань шаарынын тышкы экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча борбордук тобунун Борбордук Азия боюнча чет өлкөлүк бизнес бөлүмүнүн директору Хао Чжоу тапшырды. РИМБнун директору Акпаралы Давлеталиевич Карабаев кытай тарапка ыраазычылык билдирип, бул кадам кесиптик билим берүү системасын мындан ары өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык