«Республикалык илимий-методикалык борбор» (РИМБ) мекемесинин 2026-жылдын иш планына ылайык, окуу процессин уюштуруунун жаңы усулдарын жайылтуу жана билим берүүдө IT-технологияларды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында онлайн ачык мастер-класс өттү. Башталгыч кесиптик окуу жайларынын директорлорунун орун басарлары, IT мугалимдери жана каалоочу педагогдор үчүн уюштурулган бул иш-чара “Келечектин окутуучусу: жасалма интеллект, санариптик платформалар жана окутуунун жаңы ыкмалары” деп аталды.
Мастер-классты РИМБдин директору Акпаралы Давлеталиевич Карабаев расмий түрдө ачып берип, борбордун негизги максаттарына токтолду. Жасалма интеллект жана санариптик платформалар убакыттын талабы гана эмес, билим сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүчү негизги курал болуп саналат. Андыктан, ар бир окутуучу заман агымынан артта калбай, санариптик көндүмдөрүн туруктуу өнүктүрүп турушу зарыл. Ал кесиптик билим берүү тутумунда инновациялык усулдарды өздөштүрүү жана тажрыйба алмашуу аянтчаларын түзүү РИМБдин артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп, иш-чаранын катышуучуларына ийгилик каалады.

Ошондой эле, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Сүйүндүковна Кусеинова өз сөзүндө азыркы тапта кесиптик билим берүү тармагында санариптештирүү өзгөчө орунда турганын белгиледи. Ал заманбап педагог XXI кылымдын прогрессивдүү талаптарына жооп берип, жаңы технологияларды сабакта эркин колдоно билиши керектигин айтып, катышуучуларды активдүү болууга чакырды.
“Мастер-класс”- сабагын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 Маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин атайын дисциплиналардын окутуучусу, өндүрүштүк окутуунун мастери С.К. Канатбеков жогорку деңгээлде өткөрдү. Ал өз иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, сабакта жасалма интеллектти туура колдонуу, окуу процессин автоматташтыруу жана интерактивдүү санариптик платформалар менен иштейт.

Катышуучулар төмөнкү куралдар жана платформалар менен таанышышты:
- ChatGPT (OpenAI): Дүйнөдөгү эң популярдуу курал. Мугалим үчүн даяр конспекттерди, логикалык суроолорду, тесттерди жана сабактын сценарийин кыргыз тилинде эле заматта жазып берет.
- Gemini (Google): Бул куралдын артыкчылыгы — түз эле интернеттен эң акыркы маалыматтарды издеп таап, талдап бере алат. Google документтери менен абдан жакшы байланышат.
- Microsoft Copilot: Бул программа Microsoft Office (Word, PowerPoint) менен бирге иштейт. Сиз берген тексттин негизинде Word’до таблица же конспект түзүп бере алат.
- Визуалдык мазмун жана презентация үчүн (Дизайндык ИИ):
- Canva (ИИ функциялары менен): Мугалимдер үчүн эң зарыл курал. Мурункудай слайдды кол менен узак убакыт жасабай, жасалма интеллекттин жардамы менен бир эле теманы жазып, даяр кооз презентацияларды, инфографикаларды секундада алса болот. Ошондой эле текстти сүрөткө айлантып берет.

Маалыматты сактоо жана пландаштыруу үчүн:
- Notion (Notion AI): Бул мугалимдин санариптик блокноту. Сабактардын планын, окуу материалдарын бир жерге чогултуп, иретке келтирет. Ичиндеги ИИ жардамчысы жазылган текстти кыскартып, каталарын оңдоп же маанилүү жерлерин бөлүп көрсөтүп турат.
Ачык сабактын алкагында окутуунун заманбап методдору (мисалы, аралыктан окутуу, интерактивдүү өз ара аракеттенүү жана тескери класс усулдары) каралды. Ошондой эле, катышуучулар санариптик куралдарды жана интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонуу менен заманбап сабактын мини-планын иштеп чыгуу боюнча практикалык тапшырманы аткарышты.
Мындай иш-чараларды өткөрүү педагогдордун кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, санариптик сабаттуулугун өркүндөтүүгө, кесиптик билим берүү системасына инновациялык технологияларды киргизүүгө жана эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайык студенттерди даярдоонун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Мастер-класстын жыйынтыгында катышуучулар каралган темалардын актуалдуулугун, сунушталган куралдардын практикалык маанисин жана кесиптик билим берүү системасындагы окутуучулардын санариптик көндүмдөрүн мындан ары да өнүктүрүүнүн зарылдыгын өзгөчө белгилешти.
