2026-жылдын 7-августунда кесиптик лицейлердин директорлору жана директорлордун орун басарлары катышкан аралыктан окутуу курсунун I агымы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

         Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин тапшырмасы менен “Республикалык илимий-методикалык борбор” (РИМБ) мекемеси тарабынан уюштурулган бул курс үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда башталган. Ал башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын директорлору жана директордун өндүрүштүк-методикалык иштер боюнча орун басарлары (УПМР) үчүн багытталган.

“12 жылдык билим берүү шартында кесиптик лицейлерди башкаруунун заманбап модели: стратегиялык менеджмент, жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү» деп аталган бул курс онлайн форматта 100 саатка эсептелген. Окутуунун алкагында катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча өздөрүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүп, кенен маалымат алышты:

  • Инклюзивдүү билим берүү
  • Санариптик трансформация
  • Жашыл экономика
  • Заманбап менеджмент жана лидерлик
  • Стратегиялык өнүгүүнү пландаштыруу

Санариптик форматта уюштурулган окуунун расмий ачылышы Zoom платформасы аркылуу өтүп, РИМБ мекемесинин директору А.Д. Карабаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Заманбап башкаруу ыкмаларын үйрөткөн бул курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга расмий электрондук сертификаттар тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык