2026-жылдын 28-майында «Педагогика жана психология» багытындагы 100 сааттык дистанциялык квалификацияны жогорулатуу программасынын жыйынтыгы менен курс угуучуларына электрондук сертификаттарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.

Окутуунун жыйынтыгында жалпы 61 угуучу, анын ичинде 50 аял жана 11 эркек, жыйынтыктоочу тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, электрондук сертификаттарга ээ болушту. Сертификаттарды тапшыруу аземи онлайн форматта өткөрүлдү.

Курстун максаты: окутуучулардын педагогика жана психология багытындагы кесиптик билимдерин аралыктан окутуу аркылуу өркүндөтүү, заманбап билим берүү технологияларын колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана окутуунун сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтүү.

Курстун жүрүшүндө угуучулар төмөнкү сабактарды өздөштүрүштү:

  • педагогика
  • психология
  • билим берүү тармагындагы педагогикалык ишмердүүлүктүн нормативдик- укуктук негиздери
  • санариптик сабаттуулук
  • ишкердик баарлашуу этикасы

Иш-чарада РИМБ мекемесинин директорунун орун басары Саттарова А.Н. куттуктоо сөз сүйлөп, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик квалификациясын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, угуучуларга мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары, курс катышуучулары уюштуруучуларга пайдалуу тажрыйба жана окуу процессиндеги колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдиришти. Угуучулар окуудан алган таасирлери менен бөлүшүп, курс уюштуруучуларына жакшы каалоо-тилектерин айтышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

язык